Көндүм болгон, өнөкөт болуп калган жаман адат, терс көрүнүш. Кедейдин күлүк аты, жакшы жары болсо көз арткан бай-манаптын ит оорусу бар эле («Ала-Тоо»). Сен баягы ит ооруңду карматкан турган экенсиң го, үйүмдөн даам сызып олтуруп (Баялинов). Бирок мактап койсо, көтөрүлүп кетме ит оорум бар (Ш. Үмөталиев).
Кандайдыр бир кайталанма жаман адат, кара мүртөздүк, жаман кылык-жорук. Кедейдин күлүк аты, жакшы жары болсо, көз арткан бай-манаптын ит оорусу бар эле («Ала-Тоо»). Сен баягы ит ооруңду карматкан турган экенсиң го, үйүмдөн даам сызып олтуруп (Баялинов). Бирөө мактап койсо, көтөрүлүп кетме ит оорум бар (Үмөталиев).